Жарыяланган 15.03.2024

Өмүр сакчыларына пенсия тууралуу окуу өткөрүлдү

Өмүр сакчыларына пенсия тууралуу окуу өткөрүлдү

Кара-Көл шаардык Социалдык фонд башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 15-март күнү Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлик практикалоо борборунун эмгек жамаатына пенсия тууралуу кеңири маалымат берип, пенсия саясатына багытталган атайын слайддарды көрсөтүп, мындан сырткары медицина кызматкерлерин кызыктырган суроолорго жооп беришти. Медицина кызматкерлерин, "келечекте пенсияларыбыз кандай болот, канча акча менен пенсияга чыгабыз жана ипотекага үй алуу үчүн топтомо фонддогу каражаттарды кантип алууга болот, иштеп жаткан пенсионерлердин каражаттарын кайра эсептөө, төлөмдөр кандай шартта жүргүзүлөт?" - деген суроолор кызыктырганы жолугушуунун жүрүшүндө байкалды. Мындан тышкары, "үлүш жерим бар, стажды толукташ үчүн төлөнбөй калган жылдарга төлөсөм болобу, эмгек стажы канча жыл болушу керек, майыптыгы болсо «нип» кармалабы?" -  деген кошумча суроолорго да толук маалымат берилди. Жолугушуунун жыйынтыгында, ак халатчан өмүр сакчылары окуу семинарды колдоого алып, пенсияга байланыштуу өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алганын баса белгилеп, жаңы маалыматтарга ээ болушканын билдирип,  Кара-Көл шаардык Социалдык фонд башкармалыгынын кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.