Жарыяланган 28.02.2024

Социалдык фонддо «Эне тил жана улуттук нарк» темасында иш-чара болуп өттү

Социалдык фонддо «Эне тил жана улуттук нарк» темасында иш-чара болуп өттү

Аталган иш-чара «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын жайылтуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ № 157 «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгын аткаруу жана эне тилибиздин кадыр-баркын көтөрүү, колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү максатында өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары  Улан Жума уулунун куттуктоосу менен башталып, «Бакдөөлөт» коомдук фондунун президенти Мелис Мураталиевдин «Эне тил жана улуттук нарк» аттуу баяндамасы менен коштолду.
“Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун демекчи” Кыргыз Республикасында жашап жаткан бардык этностордун тилдерин сактоо жана өнүктүрүүнүн маанилүү фактору катары белгиленген бул майрамдык иш-чара кызматкерлерибизге абдан кызыгуу жаратты.
Улутубуздун мамлекет болуп калыптаныша өбөлгө түзгөн, жаратман элибиз сүйлөгөн улуу тилибиздин уучу эч качан кур болбосун!