Жарыяланган 1.03.2024

Социалдык фонд 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Социалдык фонд 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарды

2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкармасынын 2023-жылы аткарган иштеринин жыйынтыктары боюнча кеңейтилген жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, комитет төрайымынын орун басары Айбек Маткеримов, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Жыпариса Рысбекова, Социалдык фондунун жетекчилиги жана борбордук, аймактык башкармалыктарынын башчылары  катышты.

Жыйындын жүрүшүндө, 2023-жылга карата Социалдык фонд тарабынан аткарылган  иштер боюнча маалымат берилип, бир катар суроо-жооптор орун алды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Төрагасы Б.Алиев  Социалдык фонд мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыздап, пенсиянын деңгээлинин жыл сайын жогорулатуу, аны өз убагында төлөп берүү,  пенсия системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана улгайган адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

2023-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмү 63 961,9 млн. сомду түзүп, белгиленген план 1 083,9 млн. сомго көп же 101,7%га аткарылган. 2022-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 123,9%га же 12 369,3 млн. сомго көбөйгөн. 2023-жылы өлкө боюнча пенсионерлердин саны 769,5 миң адамды түзүп, бул 2022-жылга салыштырганда 26,6 миң адамга өскөн. Ушундан улам, пенсияга керектелүүчү сумма 16 133,0 млн. сомго көбөйүп, жалпысынан 2023-жылы пенсияларды төлөөгө керектелүүчү сумма 74 964,1 млн. сомду түзүп, ал толугу менен каржыланган. Мындан тышкары, пенсиянын орточо өлчөмү 9 188 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1 411 сомго көбөйдү. Тагыраагы, 2022-жылы бул көрсөткүч 7 777 сом болгон.

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун каражаттары (МТПФ) 42 168,5 млн. сомду түзүп, жылдын башынан бери 6 980,4 млн. сомго көбөйдү. Каражаттарды инвестициялоодон түшкөн кирешелер 4 321,9 млн. сомго жетип, өткөн жылга караганда 750,1 млн. сомго көбөйгөн. 2023-жылы МТПФ каражаттарынан төлөмдөр 1 091,0 млн. сом суммасында каржыланды. Анын ичинде ипотекалык насыя алуучуларга 599,3 млн. сом, расмий түрдө убактылуу жумушсуз деп табылган адамдарга 1,7 млн. сом, оор орууга кабылган адамдарга 30,1 млн.сомго жеткен. 2022-жылга салыштырмалуу МТПФ каражаттарынан төлөмдөрдү каржылоо 425,2 млн. сомго өскөн.

2023-жылдын жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын кезектеги жогорулатуусу ишке ашырылып, 30 000 сомго чейин пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 38%га жогорулады. Бул пенсионерлер үчүн татыктуу шарттарды камсыз кылууда маанилүү кадам болду.

Социалдык фонд санариптик сервистер аркылуу мамлескеттик кызматтарын көрсөтүп жатат. Социалдык фонддун бүткүл бизнес-процесстери автоматташтырылып, бирдиктүү маалыматтык тармагы түзүлгөн. Анда пенсия чектөө, төлөө, пенсияны төлөөнү контролдоо, жекече эсепке алуу автоматтык режимде ишке ашырылып, пенсия чектөөдө, кайра эсептөөдө жана пенсия төлөөдө арыз ээлеринин жеке катышуусу талап кылынбайт. Буга кошумча,  “Түндүк” жана “Санарип аймак” электрондук системалары да активдүү колдонулат. Учурда маалыматтык башкаруу системасын мындан ары да жакшыртууу үчүн жаңылоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Жарандар менен тыгыз кызматташууну чыңдоо, калкка жетиштүү кызмат көрсөтүү максатында Бишкек жана Ош шаарларынын калкты тейлөө борборлорунда Социалдык фонддун кызматтары «Бирдиктүү терезе» принциби менен көрсөтүлүп жатат. Ал жерде жарандар катталган жерине карабастан кайрыла алат. Ошондой эле, жарандар электрондук кабинети аркылуу Социалдык фонддун кызматкерлери менен түз байланышсыз ар кандай арыздарды (топтомо пенсиялык фонду боюнча, пенсияны төлөнүүнүн каналын жана ордун алмаштыруу, жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алуу, пенсия боюнча ж. б.) бере алат. Азыркы учурда 172 713 жаран электрондук кабинетти колдонууда.