Жарыяланган 27.02.2024
Пенсия кайсы мекемелер аркылуу төлөнөт?
Бүгүнкү күндө пенсия пенсионердин каалоосу боюнча үстүдөгү ай үчүн төлөнөт:
- “Кыргыз почтасы” ААК байланыш бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан жашаган жерине жеткирүү аркылуу;
- Социалдык фонд менен республиканын коммерциялык банктарынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде банк мекемелериндеги карт эсептерине которуу аркылуу;
- Почта которуулар аркылуу.