Жарыяланган 26.02.2024

Пенсиянын базалык бөлүгү деген эмне?

Пенсиянын базалык бөлүгү деген эмне?

Пенсиянын базалык бөлүгү – «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген камсыздандыруу стажы бар жана ушул Мыйзамда каралган башка шарттарга жооп берген адамдарга пенсиянын мамлекет тарабынан кепилденген бөлүгү.

Курагы боюнча пенсия чектөө үчүн зарыл болгон камсыздандыруу стажы жок адамдарга пенсиясынын базалык бөлүгү пенсиянын базалык бөлүгүн болгон стажына көбөйтүү жана зарыл болгон стажга бөлүү аркылуу болгон стажына пропорционалдуу эсептелет.

Пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет жана бүгүнкү күндө 3170 сомду түзөт.

Пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоо максатында пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланып турат. Индексацияга алып келген өткөн календардык жылда республика боюнча орточо эмгек акынын көлөмүнүн көбөйүшү пенсиянын базалык бөлүгүн индексация жүргүзүү үчүн шарт болуп саналат. Эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн) төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат.