Жарыяланган 21.02.2024

Пенсионер каза болгондо расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул кимге төлөнөт?

Пенсионер каза болгондо расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул кимге төлөнөт?

Пенсионер каза болгондо кайрылгандан кийин эки жуманын ичинде анын үй-бүлөсүнө пенсиянын базалык бөлүгүнөн он эселенген өлчөмүндө сөөк коюуга жөлөкпул төлөнөт. Бүгүнкү күндө расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмү 31700 сомду түзөт. Бул жөлөкпулду төлөө доосунун эскириши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.

Эгерде пенсионердин сөөгү үй-бүлө мүчөсү болбогон адамдар тарабынан коюлса, сөөк коюуга жөлөкпул ырастоочу документтер берилгенде ошол адамдарга төлөнөт.

Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төмөнкүлөргө төлөнбөйт:

- дайынсыз жок деп таанылган жана сот тарабынан каза болгон деп жарыяланган пенсионерлерге;

- арыз ээси пенсионер каза болгондугу тууралуу маалымкат берилген күндөн тартып алты айдан кийин кайрылган учурда.