Жарыяланган 20.02.2024

Суроо-жооп

Суроо-жооп

Суроо: Карылар жана майыптар үчүн жатак үйлөрдө жүргөн пенсионерлерге пенсиянын кайсы бөлүгү төлөнөт?

Жооп: Карылар жана майыптар үчүн жатак үйлөрдө (пансионаттарда) жашап жаткан пенсионерлерге пенсиянын камсыздандыруу жана топтомо бөлүктөрү төлөнөт.

Пенсиянын камсыздандыруу жана топтомо бөлүктөрү мурда пенсия алган жашаган жери боюнча Социалдык фонддун региондук башкармалыгына тиешелүү социалдык мекемеге кеткендиги тууралуу арыз бергенде «Кыргыз почтасы» ААКнын байланыш филиалдары аркылуу же банк мекемелериндеги пенсионерлердин жеке эсептерине которуу аркылуу төлөнүшү мүмкүн.

Суроо: Пенсионер каза болгондо пенсиянын алынбай калган суммасы кимге төлөнөт?

Жооп: Пенсионер каза болгондогуна байланыштуу каза болгон айына кошуп эсептелген пенсиянын алынбай калган суммасы ата-энесине, жубайына, балдарына жана башка үй-бүлө мүчлөрүнө, ал эми алар жок болгондо - мураска укуктуу адамга төлөнөт.

Пенсионердин каза болгондогуна байланыштуу алынбай калган пенсия төлөө доосунун эскириши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.