Жарыяланган 15.02.2024

Рубрика: суроо-жооптор

Рубрика: суроо-жооптор

Суроо: Социалдык фонддо камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү катары кантип катталуу керек?

Жооп: Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү каттоо, төлөөчүнүн юридикалык дареги боюнча, юридикалык жактардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүн (филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн)  ишин жүргүзгөн жери боюнча жана жеке жактарды жашаган же экономикалык ишин жүргүзгөн жери боюнча Социалдык фонддун райондук башкармалыктары тарабынан жүргүзүлөт.

Суроо: Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө кандай жүргүзүлөт?

Жооп: Ыктыярдуу төлөө ар кандай өлчөмдө, бирок Пенсиялык фондго орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 8 пайыздан кем эмес же орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыздан кем эмес болушу мүмкүн.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө үстүдөгү ай жана кийинки мезгил үчүн гана жүргүзүлөт.

Суроо: Кайра каттоодо төлөөчү Социалдык фонддун органдарына билдириши керекпи?

Жооп: Юридикалык жакты кайра каттоодо, Социалдык фонддун органдарын кабарлоо каттоочу орган тарабынан "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүргүзүлөт.

Суроо: Жеке камсыздандыруу эсебин кайдан жана кантип алууга болот?

Жооп: Жеке камсыздандыруу эсеби арыз жана паспортун көрсөтүү менен Социалдык фонддун органдары тарабынан берилет.

Суроо: Чет өлкөлүк жарандар камсыздандыруу төгүмдөрүн кандай төлөшөт?

Жооп: Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча жүзөгө ашырат, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса.