Жарыяланган 12.02.2024

Санариптик пенсиялык күбөлүк: жарандар үчүн ыңгайлуулук жана жеткиликтүүлүк

Санариптик пенсиялык күбөлүк: жарандар үчүн ыңгайлуулук жана жеткиликтүүлүк

Эми “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жаңы “Пенсиялык күбөлүк”  санариптик документи жеткиликтүү болду. “Пенсиялык күбөлүк” жаңы санариптик документи кагаз түрүндөгү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ жана санарип документти мамлекеттик органдарга көрсөтүү талап кылынган бардык учурларда колдонсо болот. Киргизилип жаткан жаңы санариптик технологиялар жаранга бардык керектүү документтерди өзүнүн смартфонунда кармоого мүмкүндүк берет.

Санариптик документти колдонуу үчүн жаран төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

- “Түндүк” мобилдик тиркемесин AppStore же PlayMarketтен жүктөө;

- Булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен мобилдик тиркемеге кирүү;

- Тиркемеде “Санариптик документтер” бөлүмүнө өтүп, бул документтин санарип формасын колдонуңуз.

Пенсиялык күбөлүк сыяктуу санариптик документтерди киргизүү жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды алуу процессин бир топ жеңилдетет. Бул инновация бардык керектүү документтерди санариптик түрдө түздөн-түз смартфонуңузда сактоого мүмкүндүк берип, жеткиликтүүлүктү жана колдонуунун ыңгайлуулугун жакшыртат.