Жарыяланган 9.02.2024

ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө

ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө

2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.

Макулдашууга ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүлөп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

Учурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан 60 жаранга пенсия чектелди, анын 51 Россия Федерациясынын, 8 Казакстан Республикасынын жарандары жана Беларусь мамлекетинин 1 жаранынан (Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык пенсияга которулган).

Ошондой эле Россия Федерациясы Кыргызстандын 33 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.