Жарыяланган 6.02.2024

МТПФнын 2024-ж. январындагы инвестициялары жана кирешелери: Мамлекеттик баалуу кагаздар жана депозиттер

МТПФнын 2024-ж. январындагы инвестициялары жана кирешелери: Мамлекеттик баалуу кагаздар жана депозиттер

Социалдык фонд 2024-жылдын январь айында мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 14,95-16,20% жылдык кирешелүүлүгү менен 1 038,2 млн.сом инвестициялаган.

МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык мөөнөт менен 170,0 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,3-17,2% болгон.

2024-жылдын январь айында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 381,4 млн.сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 19,7 млн.сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 0,4 млн.сом.

Бардыгы болуп 2024-жылдын январь айында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 401,5 млн.сом киреше алынган.