Жарыяланган 30.01.2024

Улуттук китепкананын эмгек жамааты пенсия тууралуу лекцияга активдүү катышышты

Улуттук китепкананын эмгек жамааты пенсия тууралуу лекцияга активдүү катышышты

КР Соцфондунун “Окуу борбору” мекемесинин кызматкерлери А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын эмгек жамаатына пенсия тууралуу кезектеги окуусунун өтүштү.

Аталган китепканада пенсия курагындагы ишин сүйгөн мекенчилдер эмгектенишет. Алар үчүн пенсияга байланыштуу бардык жаңы маалыматтар кызыктуу болуп, эмгек жамааты толугу менен лекциябызга активдүү катышып, кызыктуу суроолорун берип жоопторду алышты.

Атай кетсек, үлүш жерим бар, стажды толукташ үчүн төлөнбөй калган жылдарга төлөсөм болобу, эмгек стажы канча жыл болушу керек, 3-группадагы майып болсо «нип» кармалабы? Ушул сыяктуу суроолорго толук маалымат берилди.