Жарыяланган 29.01.2024

КР ӨКМнын облустардагы аймактык-түзүмдүк башкармалыктарына “онлайн” форматтагы лекция өтүлдү

КР ӨКМнын облустардагы аймактык-түзүмдүк башкармалыктарына “онлайн” форматтагы лекция өтүлдү

Өлкөбүздөгү социалдык саясатты колдоо менен бирге, пенсиялык сабаттуулукту арттыруу максатында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү Окуу борборунун негизги милдети болуп саналат.

Соцфонддун “Окуу борбору” мекемесинин адистери жаңырган жылдан тартып алдыда өтүлө турчу окуу-лекцияларды өткөрүүнүн иш пландарын иштеп чыгышты. Атап айтсак бир катар мамлекеттик мекемелер, орто жана жогорку окуу жайлар менен келишимдер түзүлүп, окуулар башталды.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эмгек жамаатына жана ӨКМнын облустардагы аймактык-түзүмдүк башкармалыктары менен “онлайн” форматындагы байланышта суроо-жооп аркылуу маалыматыбыз менен бөлүшө алдык. Берилген суроолорго адистерибиз кеңири токтолуп жооп беришти.

Окуу борборунун адистери лекция окуу менен чектелип калбай, айрым көйгөйлүү суроолор боюнча ар бир адам менен жеке сүйлөшүп, түшүндүрүп жардам берип келишет.

ӨКМнын жалпы кызматкерлери лекция тууралуу жакшы пикирлерин билдирип, лекциябызга активдүү катышып беришти.