Жарыяланган 27.01.2024

Соцфонддун аймактык бөлүмдөрүндө пенсиялык иштерди эсепке алуу жана сактоо тартиби

Соцфонддун аймактык бөлүмдөрүндө пенсиялык иштерди эсепке алуу жана сактоо тартиби

- Ар бир пенсия алуучуга түзүлгөн пенсиялык иш пенсия алуучу жердеги пенсия дайындоочу органда сакталат.

- Пенсионер Кыргыз Республикасынын чектеринде жашаган жерин которгондо пенсиялык иш пенсионер жаңы жашаган жердеги Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнүн суроо-талабынын негизинде почта менен салып жиберилет, мында ал пенсионердин арызына жана анын жаңы жашаган жери боюнча каттоодон өтүшү жөнүндө документтерге же иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жөнүндө маалыматтарга ылайык даярдалат.

- "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жарандарынын пенсиялык камсыз кылуу жагындагы укуктарынын гарантиялары жөнүндө" 1992-жылдын 13-мартындагы Макулдашууга катышкан мамлекеттерге жана социалдык (пенсиялык) камсыз кылуу жөнүндө эки тараптуу келишимдерге катышкан мамлекеттерге кеткен адамдардын пенсиялык иштери тиешелүү мамлекеттин аймагында пенсиялык камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу органга макулдашкан тараптар белгилеген тартипте жиберилиши мүмкүн.

- Пенсионер Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары, аны менен социалдык (пенсиялык) камсыздоо жөнүндө эл аралык келишимдер түзүлбөгөн мамлекетке туруктуу жашоо үчүн кеткенде пенсиялык иш салып жиберилбейт жана ал Социалдык фонддун аймактык бөлүмүндө сакталат.

- Пенсиялык иш жоголгон учурда Социалдык фонддун аймактык бөлүмү аны калыбына келтирүүгө карата чара көрөт.

- Пенсиялык төлөө токтотулган учурларда (пенсионер бир жакка кеткен, өлгөн, майыптыкты аныктоо мөөнөтү аяктаган учурда, окууга жана башкаларга байланыштуу) пенсиялык иш жабылат жана белгиленген тартипте архивге өткөрүлүп берилет.

- Колдонулуп жаткан пенсиялык иштер жабылган пенсиялык иштерден өзүнчө участоктор, пенсиялардын түрлөрү боюнча жана катар номерлери боюнча сакталат.

- Жабылган пенсиялык иштер Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарында архив материалдарын сактоо үчүн белгиленген тартипке ылайык архивде сакталат.