Жарыяланган 23.01.2024

Соцфонддун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Соцфонддун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандырууга болгон укугун камсыздоо болуп саналат.

Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга бюджети кирешелер боюнча 106 982 454,9 миӊ сом суммасында жана чыгашалар боюнча 105 323 406,5 миӊ сом суммасында бекитилери каралган.

Мында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга бюджетинин профицити 1 659 048,4 миӊ сом суммасында белгиленүүдө.

Мыйзам 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.