Жарыяланган 22.01.2024

Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө арызды кароо тартиби

Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө арызды кароо тартиби

- Пенсия дайындоо жөнүндө арыз пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон бардык документтер менен чогуу берилет.

- Пенсия дайындоо, кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн документтерди кабыл алууда пенсия дайындоочу орган арыздын жазылышынын тууралыгын; арыз берүүчүнүн ким экендигинин күбөлөндүргөн документтен алынып киргизилген маалыматтардын ылайык келишин текшерет; документтердин көчүрмөлөрүн түп-нускалары менен салыштырат; арызды ошол эле күнү катар номерин жана арыз кабыл алынган датаны көрсөтүү менен каттоо журналында каттайт жана документтердин алынгандыгы жөнүндө тил кат берет, анда арыз алынган дата, жетпеген документтердин тизмеси жана аларды берүү мөөнөттөрү көрсөтүлөт.

- Пенсия дайындоо же пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө арыз ушул арыз кабыл алынган күндөн тартып же болбосо жетишпеген документтер берилген күнден тартып 15 күндүн ичинде каралат. Аталган арызды канааттандыруудан баш тартылган учурда, пенсия дайындаган орган тиешелүү чечим чыгарылгандан кийин беш күндөн кечиктирбестен бул тууралуу баш тартуунун себебин жана даттануунун тартибин көрсөтүү менен арыз берүүчүгө кабарлайт жана ошол эле мезгилде арыз берүүчүгө документтерди кайтарып берет.

- Пенсионердин пенсияны кайра эсептөө жөнүндө арызы бардык зарыл документтер менен чогуу арыз кабыл алынган күндөн тартып беш күндүн ичинде каралат. Пенсияны кайра эсептөөдөн баш тартылган учурда пенсия дайындаган орган тиешелүү чечим чыгарылгандан кийин беш күндөн кечиктирбестен бул тууралуу арыз берүүчүгө баш тартуунун себебин жана даттануунун тартибин көрсөтүү менен кабарлайт жана ошол эле мезгилде арыз берүүчүгө документтерди кайтарып берет.

- Документтер текшерилип жана көчүрмөлөрү менен салыштырылгандан кийин документтердин түп-нускалары (паспорт, нике тууралуу күбөлүк, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, диплом жана башкалар) арыз берүүчүгө кайтарылып берилет, ал эми эмгек китепчеси ага пенсия дайындалгандан кийин кайтарылат. Мында эмгек китепчесине Социалдык фонддун бөлүмүнүн пенсия дайындалгандыгы (пенсиянын түрүн жана дайындалган датасын көрсөтүү менен) жөнүндө штампы коюлууга тийиш.

- Арыз берүүчүгө пенсиялык күбөлүк пенсия дайындоо жөнүндө чечим чыгарылгандан кийин Социалдык фонддун аймактык бөлүмү тарабынан берилет. Пенсиянын өлчөмү жана дайындалган датасы пенсиялык күбөлүктө тиешелүү жазуу менен ырасталат жана мөөр басылат.

Ишканадан пенсия алуучу адамдарга (№ 2 тизме боюнча, текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия алучуларга) пенсиялык күбөлүк жеңилдик берүүчү пенсия дайындалган ишкананын администрациясынын маалымкатынын негизинде пенсионер жашаган жердеги Социалдык фонддун аймактык бөлүмү тарабынан берилет.

- Пенсиянын кайра эсептелгенден кийинки өлчөмү кайра эсептөөнүн датасын көрсөтүү менен пенсионер Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө кайрылганда пенсиялык күбөлүккө киргизилет.

- Пенсия дайындалгандан кийин бир айдын ичинде Социалдык фонддун аймактык органы пенсия алуучуга пенсия дайындалгандыгы жөнүндө протоколду таанышууга берет.