Жарыяланган 12.01.2024
Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2023-жылдагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү
Социалдык фонд 2023-жылы мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 16,0-16,55% жылдык кирешелүүлүгү менен 8 001,1 млн.сом инвестициялаган.
МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 5 630,6 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-16,5% болгон.
2023-жылдын январь-декабрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 3 589,8 млн.сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 709,0 млн.сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 23,1 млн.сом;
- Башка кирешелер – 47,6 миң сом.
Бардыгы болуп 2023-жылдын январь-декабрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 4 321,9 млн.сом киреше алынган.