Жарыяланган 29.12.2023

Соцфонддун Байкоочу кеңешинин отуруму: Социалдык камсыздоо жана пенсиялык система боюнча негизги чечимдер

Соцфонддун Байкоочу кеңешинин отуруму: Социалдык камсыздоо жана пенсиялык система боюнча негизги чечимдер

Бүгүн Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев баштаган жыйын болуп өттү. Социалдык камсыздоонун негизги аспектилери талкууланды.

Күн тартибиндеги маселелер:

- “2024-жылга пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (ЖЭ2) жана Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун каражаттарынын мөөнөттүү пенсиялык төлөмдөрүн (пенсиянын топтоо бөлүгүн) эсептөө үчүн “К” актуардык коэффициенти жөнүндө” Байкоочу кеңештин чечиминин долбоору тууралуу.

- Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңештин 2024-жылга иш план-болжолу жөнүндө.

- Коррупциянын алдын ала жаатындагы  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылдагы ишинин маалыматы тууралуу.

Катышуучулар:

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башкы эксперти Жыпарыса Рысбекова, министрликтердин, ведостволордун өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

Бактияр Алиев пенсиялык системанын туруктуулугу жана жарандардын социалдык бакубаттуулугу үчүн кабыл алынган чечимдердин маанилүүлүгүн белгиледи.