Жарыяланган 27.12.2023

Нуржана Урустамова Соцфонддун төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Нуржана Урустамова Соцфонддун төрагасынын орун басары болуп дайындалды

27.12.2023 – Бүгүн Урустамова Нуржана Раимовна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Социалдык фонддун жалпы жааматына Нуржана Урустамованы президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Санжар Муканбетов тааныштырды.

Нуржана Урустамова көп жылдар бою камсыздандыруу төгүмдөрүн пландоо жана эсепке алуу башкармалыгынын башчысы кызматын ийгиликтүү аркалап келген, бул анын социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо тармагындагы чоң тажрыйбасын баса белгилейт. Анын дайындалышы Социалдык фонддун командасына маанилүү толуктоо болуп, Кыргызстанда социалдык камсыздоонун эффективдүү стратегияларын иштеп чыгууга салым кошот.