Жарыяланган 22.12.2023

Пенсиялык топтоолорду колдонуу: Турак жай, дарылоо жана жумушсуздук үчүн өзгөчө шарттар

2023-жылдын 22-декабрында “Кабар” пресс-борборунда өткөн басма сөз жыйынында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев өлкөнүн жашоочулары үчүн пенсиялык топтоолорду колдонуунун ар кандай мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди.

Ипотекалык насыялоо: Ипотекалык насыя алган же алып жаткан жана «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча каражаттарды төлөгөн жарандар, ошондой эле алардын жубайлары,  алардын өз үйү бар болсо дагы пенсиялык топтоо каражаттарын баштапкы төгүмдү каржылоо жана ипотекалык  насыясын төлөө үчүн колдоно алышат.

Оор оорулар: Оор ооруга чалдыккан жарандар (пенсиялык топтоолорду мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген тизмеге ылайык), ошондой эле алардын жубайлары, балдары жана ата-энелери дарылануу үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алууга укуктуу.

Расмий жумушсуздук: Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.

Учурда төмөнкү категориялар боюнча пенсиялык топтоолорун алган адамдардын жалпы саны 4998 адамды түзөт (901 136 603,01 сом), анын ичинде:

- Ипотека боюнча алгачкы төлөм – 348 адам (68 970 963,56 сом);

- Ипотекалык насыяны төлөө – 4199 адам (789 409 358,49 сом);

- Ижарага берилүүчү турак жай («МИК» ААК тарабынан каржыланат) – 58 адам (6 181 872,30 сом);

- расмий жумушсуз деп таанылган – 142 адам (2 345 247,66 сом);

- Оор ооруга чалдыккандар – 251 адам (34 229 161,00 сом).