Жарыяланган 22.12.2023

Социалдык фонддун инвестициялык стратегиясы: пенсиялык топтоолордун жана кирешелердин көлөмүнүн өсүшү

2023-жылдын 22-декабрында “КАБАР” маалымат борборунда өткөн басма сөз жыйынында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев үстүбүздөгү жылдагы инвестициялык ишмердүүлүк боюнча маалыматтар менен тааныштырды. Социалдык фонд 2023-жылдын январь-ноябрь айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 16,0-16,55% жылдык кирешелүүлүгү менен 7 459 597,0 миң сом инвестициялаган.

МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 5 580 591,8 миң сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-16,5% болгон.

2023-жылдын январь-ноябрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 3 262 113,9 миң сом;

- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 588 395,1 миң сом;

- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 22 760,9 миң сом.

- Башка кирешелер – 47,6 миң сом.

Бардыгы болуп 2023-жылдын январь-ноябрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 3 873 317,5 миң сом киреше алынган.