Жарыяланган 19.12.2023

Пенсиялык топтоолорду турак жайга, дарыланууга жана жумушсуздукка кантип колдонсо болот

Пенсиялык топтоолорду турак жайга, дарыланууга жана жумушсуздукка кантип колдонсо болот

Ипотекалык насыялоо: Ипотекалык насыя алган же алып жаткан жана «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча каражаттарды төлөгөн жарандар, ошондой эле алардын жубайлары,  алардын өз үйү бар болсо дагы пенсиялык топтоо каражаттарын баштапкы төгүмдү каржылоо жана ипотекалык  насыясын тындыруу үчүн колдоно алышат.

Оор оорулар: Оор ооруга чалдыккан жарандар (пенсиялык топтоолорду мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген тизмеге ылайык), ошондой эле алардын жубайлары, балдары жана ата-энелери дарылануу үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алууга укуктуу.

Расмий жумушсуздук: Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.

Учурда ипотекалык насыялоо үчүн пенсиялык топтоо каражаттарын алган жарандардын жалпы саны 4 747 адамды түзөт (866 907 442,04 сом.), анын ичинде:

- Ипотека боюнча баштапкы төгүм – 347 адам ( 68 970 963,56 сом.);

- Ипотекалык насыяны тындыруу – 4 199 адам (789 409 358,49 сом);

- турак жайды ижарага алуу («МИК» ААК тарабынан каржыланган) – 58 адам (6 181 872,30 сом);

- Расмий жумушсуздук деп таанылгандар – 142 адам (2 345 247,66 сом);

- Оор оорулар – 251 адам (34 229 161,00 сом).