Жарыяланган 18.12.2023
Элдик курултай ийгиликтүү жыйынтыкталды
Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн экинчи элдик курултай ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Аймактардан атайын шайланып келген делегаттарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, төраганын орун басарлары жана кызматкерлер эки күн тынымсыз кабыл алып, көйгөйлүү суроолорго жеринен жооп берди.
Жалпысынан Соцфонддун дарегине 17 кайрылуу болуп, анын ичинен кат түрүндө 8 кайрылуу катталды жана 9 кайрылуу ооз экин түрүндө кабыл алынып тийштүү жооптор берилди.
Алардын басымдуу бөлүгү пенсиянын жогорулашы, пенсиянын чектелиши жана жалпы пенсиялык камсыздоо тууралуу суроолор болду.