Жарыяланган 15.12.2023

Пенсиялык камкордук: Экинчи Элдик Курултайда Кыргызстандан Түркиядагы эмгек мигранттарын социалдык камсыздоо боюнча талкуу

Пенсиялык камкордук: Экинчи Элдик Курултайда Кыргызстандан Түркиядагы эмгек мигранттарын социалдык камсыздоо боюнча талкуу

15-16-декабрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыров Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик Курултай өтүүдө.

Иш-чарага эл өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууда.

Бишкекте өтүп жаткан Курултайдын алкагында катышуучулардын бири Түркияда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарын пенсия менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү.

2020-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө киргенин Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду билдирет.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 190 суроо-талап жиберилген, 186 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор берилди.

Келишимдин алкагында Түркия Республикасы Кыргыз Республикасынын 1 жаранына пенсия чектеди.