Жарыяланган 12.12.2023

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын белгилөө: “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” иш-чарасы

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын белгилөө: “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” иш-чарасы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдагы №353-тескемесине ылайык КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган «Кыргыз тили жана Айтматов ааламы» аталышындагы үч айлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда адабияттын алпы, залкар жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы кызуу белгиленип, «Айтматов ааламы» деген аталышта китептерди, көргөзмөлөрдү топтоо акциясы уюштурулду.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Б. Дж. Алиев жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын региондук өнүктүрүү боюнча адиси З. Кадырова катышты. Төрага Б.Дж. Алиев өз сөзүндө "эл арасында "Өмүр бизден өтүп кетсе эл эмгектен эскерсин” - деген накыл кеп бар. Анысы кандай, бүгүн жалпы кыргыз журту, адабият сүйүүчүлөрү залкар жазуучунун жасаган эмгегине, жазып калтырган чыгармаларына аздек мамиле жасоо менен таазим кылып турушат. Залкар жазуучунун көзү өтсө да анын чыгармалары түбөлүк жашап, ак калпак кыргыз элин, маданиятын, каада-салтын жана нукура баалуулуктарын дүйнөгө даңазалай бермекчи!" - деп баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө Социалдык фонддун кызматкерлери залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын каармандарын образдарын жаратып, китептер көргөзмөсү жана улуттук тамак-аштар менен коштолду.