Жарыяланган 8.12.2023

Соцфонд 1С бухгалтердик программасынын негизинде бухгалтерлер үчүн окуу уюштурду

Соцфонд 1С бухгалтердик программасынын негизинде бухгалтерлер үчүн окуу уюштурду

4-декабрдан 8-декабрга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппараты тарабынан Социалдык фонддун райондук/шаардык башкармалыктарынын бухгалтерлери үчүн бухгалтердик эсептин 1С программасынын 8.3 версиясын колдонуу боюнча окуулар ийгиликтүү өттү.

Иш-чара аймактардагы бухгалтерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулду. Тренинг Соцфонддун борбордук аппаратынын активдүү колдоосу менен жана “Алгоритм плюс” ЖЧКнын адистери менен биргеликте өткөрүлдү.

Тренингдин негизги темалары:

1. 1С бухгалтердик эсеп системасында бухгалтердик эсептин актуалдуу аспектилери боюнча практикалык курстар.

2. Программалык камсыздоого механизмдерди жана жаңыртууларды киргизүү.

3. Бухгалтердик эсепти жана финансылык маалыматтарды талдоону оптималдаштыруу боюнча көндүмдөрдү эффективдүү колдонуу.

Тренинг иш-чарасы катышуучулардын ортосунда тажрыйба алмашуу жана талкуулоо менен аяктады. Соцфонд 1С бухгалтердик жана салыктык эсепке алуу программасынын негизинде аймактык башкармалыктардын бухгалтерлеринин квалификациясын жогорулатуу, отчетторду түзүү жана талдоо боюнча ишин улантат.