Жарыяланган 5.12.2023
ЭЛ АРАЛЫК КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮ
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Антикоррупциялык ишкердик кеңеши
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
__________________________________________
Жарандарды коррупцияга каршы агартуу
Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын жарандарын коррупцияга каршы агартуунун декадасы өткөрүлүүдө. Бул иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандык билим берүү борборунун аянтчасында 2023-жылдын 6-декабрында Социалдык фондунун КААМБЫУ Т. Ибраимова "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөгү антикоррупциялык тоскоолдуктар" темасында лекция өткөрөт, анын жүрүшүндө Социалдык фонд тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтар жана аларды белгиленген тартипте, анын ичинде контактсыз алуу ыкмалары жөнүндө маселелер чагылдырылат. Бул лекциянын максаты коррупциялык кырдаалга аралашуу тууралуу шектенүүлөрдөн эмоционалдык же психологиялык зыян тартпастан, пара талап кылуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жөнүндө калкты агартуу болуп саналат.