Жарыяланган 5.12.2023

ЭЛ АРАЛЫК КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮ

ЭЛ АРАЛЫК КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ КҮНҮ

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу

Антикоррупциялык ишкердик кеңеши

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду

__________________________________________

Жарандарды коррупцияга каршы агартуу

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын жарандарын коррупцияга каршы агартуунун декадасы өткөрүлүүдө. Бул иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандык билим берүү борборунун аянтчасында 2023-жылдын 6-декабрында Социалдык фондунун КААМБЫУ Т. Ибраимова "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөгү антикоррупциялык тоскоолдуктар" темасында лекция өткөрөт, анын жүрүшүндө Социалдык фонд тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтар жана аларды белгиленген тартипте, анын ичинде контактсыз алуу ыкмалары жөнүндө маселелер чагылдырылат. Бул лекциянын максаты коррупциялык кырдаалга аралашуу тууралуу шектенүүлөрдөн эмоционалдык же психологиялык зыян тартпастан, пара талап кылуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жөнүндө калкты агартуу болуп саналат.