Жарыяланган 27.11.2023

Соцфонддун кызматкерлеринин кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу боюнча Бишкек шаарында эки күндүк практикалык семинар-окутуу болуп өттү

Соцфонддун кызматкерлеринин кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу боюнча Бишкек шаарында эки күндүк практикалык семинар-окутуу болуп өттү

Соцфонддун “Окуу борбору” мекемесинин уюштуруусунда Соцфонддун райондук, шаардык башкармалыктарынын пенсия чектөө жана жарандарды кабыл алуу бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин көтөрүү боюнча өткөрүлгөн эки күндүк практикалык семинар-окутуу болуп өттү. 

Семинардын ачылышында Соцфонддун жүргүзүп жаткан реформалары, мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөр жөнүндө, социалдык фонддун өнүгүүсүнүн негизги максаттары жана аны ишке ашыруудагы райондук,  шаардык башкармалыктардын негизги милдеттери ошондой эле регионалдык башкармалыктарынын пенсия чектөө жана жарандарды кабыл алуу бөлүмдөрүнүн жалпы аткарып жаткан иштери, жаралган көйгөйлөрү тууралуу баяндама окулду.  Пенсияларды чектөөдө “Eleed” программасы менен иштөөдөгү жаралган көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору дагы кеңири каралып, катачылыктарды алдын алуу тууралуу пикир алмашып, практикалык сабакта тажрыйба алмашып көп маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк болду.

Ошондой эле ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдө иштеген жарандарды пенсия менен камсыздоодо жаралган көйгөйлөрдү чечүү боюнча дагы кеңири маалыматтар айтылып, биздин жарандардын суроо-талаптары, аларга пенсиялардын чектелиши тууралуу практикалык сабактар өтүлдү. Семинарда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, “инфодокс” системасында иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча практикалык саатта көрсөтүлдү.  Мындан сырткары КР Президентинин №157 “Нарк насил жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу боюнча презентация өтүлүп, кызыктуу талкуу болду. 

Жыйынтыгында өтүлгөн эки күндүк семинар тууралуу катышкандар тарабынан анкета толтурулуп, семинардын уюштурулушу жөнүндө берилген суроолорго жакшы ой пикирлери менен ыраазычылыктарын жазып беришти.