Жарыяланган 21.11.2023
Соцфондго 2023-жылдын январь-октябрь айларында 7393 кайрылуулар келип түшкөн

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2023-жылдын январь-октябрь айларында 7393 кайрылуулар келип түшкөн, анын ичинде:
• жазуу түрүндө кайрылуулар – 332;
• ооз эки кайрылуулар – 953;
• КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 121 жаран;
• ишеним телефондор аркылуу – 3886;
• уюлдук ишеним телефону аркылуу – 2101.
Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушөт:
• пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
• мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
• пенсияларды индексациялоо тууралуу;
• пенсияга укугу боюнча;
• пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
• пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
• пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
• КР СФ ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.
Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн баардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.