Жарыяланган 20.11.2023

МЕКТЕПТИ БҮТҮРҮҮЧҮ ОКУУЧУЛАР ДАГЫ ПЕНСИЯ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУШТУ

МЕКТЕПТИ БҮТҮРҮҮЧҮ ОКУУЧУЛАР ДАГЫ ПЕНСИЯ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУШТУ

КР Соцфондунун “Окуу борбору” мекемеси тарабынан шаарыбыздагы орто окуу жайлары болгон мектептердин жетекчилери менен биргелешип түзүлгөн графиктин негизинде, окуу лекциялар тынымсыз өтүлүүдө.

Атап айтсак Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин  Экономикалык факультетинин мугалимдерине, студенттерине, Инновациялык кесиптер Институтунун студенттерине, №25 орто мектебинин окуучуларына, мугалимдерине, №29-мектеп гимназия окуу-тарбия комплексинин 9-классынын окуучуларына жана бүтүрүүчү класстарына, ошондой эле “Стройсервис плюс” курулуш компаниясынын эмгек жамаатына окуулар болуп өттү.

Мындай жигердүүлүктө өтүлүп жаткан маалыматтык - түшүндүрүү иштери өзүнүн жакшы жыйынтыгын көрсөтүп, пландагандан да ашыкча окуулар өтүлүп анын негизинде суроо-талаптар, сунуштар дагы өсүүдө. Катышкандар тарабынан дагы ыраазычылыктар айтылууда.