Жарыяланган 13.11.2023

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер

Социалдык фонд 2023-жылдын январь-октябрь айларында МТПФнын каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 16,0-16,55% жылдык кирешелүүлүгү менен 6 912 418,9 миң сом инвестициялаган.

МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 5 480 591,8 миң сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-16,0% болгон.

2023-жылдын январь-октябрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 2 865 811,3 миң сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 519 698,1 миң сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 22 348,6 миң сом.

Бардыгы болуп 2023-жылдын январь-октябрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 3 407 905,6 миң сом киреше алынган.