Жарыяланган 24.10.2023

Пенсионерлерге болгон камкордук Социалдык фонддун эң негизги максаты

Пенсионерлерге болгон камкордук Социалдык фонддун эң негизги максаты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев “Кыргызстан пенсионерлери” партиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга “Кыргызстан пенсионерлери” партиясынын бир катар активдүү өкүлдөрү катышып, алар өздөрүнүн сунуш-пикирлерин айтышты.

Төрага Бактияр Алиев өз кезегинде Социалдык фонд тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берип, алдыда жасала турган реформаларга кеңири токтолду. Ошондой эле, карыларга болгон камкордук, аларга татыктуу шарт түзүү, турмуш-шартын жакшыртуу, пенсияны көтөрүү Социалдык фонддун эң негизги максаты экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары, партия өкүлдөрү мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына оң баа берип, өлкө жетекчилигине, Социалдык фондго ыраазычылыгын айтып, пенсионерлерге көрүлүп жаткан камкордуктары үчүн, айрыкча акыркы 2 жыл аралыгындагы пенсиялардын сезилерлик өлчөмдө жогорулашы пенсионерлерди кубанычка бөлөгөнүн белгилеп, ак баталарын беришти.