Жарыяланган 23.10.2023
Ар түрдүү аудиториялар үчүн үзгүлтүксүз билим берүү иш-чаралары
Кезектеги белгиленген окууларыбыз тынымсыз өтүлүүдө. Атай кетсек Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрында эмгектенген жалпы жамаатына жана чыгармачыл инсандарга, А.Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназиясы окуу-комплексинин мугалимдер жамаатына, КЭУнин алдындагы “Экономика жана сервиз” коллежинде, “Ligtht” соода үйүндө жана КМТУ жогорку окуу жайынын алдындагы Тоо-кен коллежинде окуу лекцияларыбыз өтүлдү. Бардык мекемелерде, окуу жайларда суроолор көп берилет жана аларга тийиштүү жооптор берилет.