Жарыяланган 20.10.2023

Келечек муун - жаштар үчүн пенсиялык төлөмдөр тууралуу маалыматтар

Келечек муун - жаштар үчүн пенсиялык төлөмдөр тууралуу маалыматтар

КР Социалдык фондунун “Окуу борборунун” адистери жогорку окуу жайларга анын ичинде колледждерге, мектептердеги бүтүрүүчү класстарга тынымсыз окуу лекцияларды өткөрүп турушат. Кезектеги окуулар КР Эл аралык Университеттин алдындагы Политехникалык колледждин бүтүрүүчү курстарына, КУУ Юридикалык колледждин студенттерине өтүлдү. Эртеңки келечек муундагы жаштар үчүн пенсия тууралуу маалыматтар керек экенин мугалимдер дагы белгилешти.

Лекциянын аягында Кыргызстанда азыркы эң көп пенсия канча, соттор канча пенсия алышат, эмгек келишимдин кайсы жеринде пенсиялык төлөмдөр туурасында айтылган, деген маанидеги суроолорун беришип, тиешелүү жоопторду ала алышты.