Жарыяланган 19.10.2023

Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиевдин Социалдык фонддун 30-жылдыгына карата куттуктоосу!

Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиевдин Социалдык фонддун 30-жылдыгына карата  куттуктоосу!

Урматтуу Социалдык фонддун эмгек жамааты!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы  жана бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

30 жыл аралыгында Социалдык фонд бир катар татаал жолдорду басып өттү. Бул жылдар аралыгында Социалдык фонддо эмгектенген кадырман ардагерлерибиз жана ар бир кызматкерибиз өзүнө тагылган милдетти ак ниеттүүлүк менен аткарып,  жасаган эмгеги менен эл батасына ээ болуп, калк арасында кадыр-барк топтоого жетишти.

Биздин күжүрмөн кесип, бизден - ар бир адамга жана анын үй-бүлөсүнө боорукерлик менен кам көрүүнү, ак ниеттүүлүктү, сабырдуулукту жана мээримдүүлүктү талап кылды. Ошондой эле, аткарган ишибиз – пенсия саясатын жакшыртууга, жарандарыбыздын укуктарын коргоого, социалдык биримдикти жаратууга, адилеттүү пенсия системасын түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк түздү.

Урматтуу кесиптештер!

Калкты социалдык коргоого алууну ишенимдүү жана сапаттуу деңгээлге чыгаруу - биздин эң башкы милдетибиз жана негизги багытыбыз. Социалдык камсыздоо тармагын реформалоо, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу мезгилдин талабы. Андыктан, жарандарыбыздын жаркын жашоосу үчүн бизге тагылган милдетти аткарууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз!

Дагы бир ирет майрамыңыздар менен куттуктайм!

Сиздерге бекем ден-соолук, узак жана ооматтуу өмүр каалайм!

Урматтоо менен
Кыргыз Республикасынын
Социалдык фондунун Төрагасы                                        Бактияр Алиев