Жарыяланган 9.10.2023

Окуу борборунун күндеми кызыктуу жана пайдалуу өтүүдө

Окуу борборунун күндеми кызыктуу жана пайдалуу өтүүдө

КР Экономика жана Коммерция Министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматында, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматында, Т.Токтоналиев атындагы Финансы – экономикалык колледжинде, №17 Үй-бүлөлүк медицианык дарыгерлер бейтапканасында, “Звездочка” билим берүү борборунда окуу лекциялар өтүлдү.

“Окуу борбору” мекемеси тарабынан бул айга белгиленген окуулары өз убагында өтүлүп, лекцияга кызыккандардын саны дагы өсүүдө. Атап айтсак Т.Токтоналиев атындагы Финансы экономикалык колледждин студенттери үчүн абдан кызыктуу өттү. Ар бир айтылган маалыматка терең кызыгышып суроолорун берип, жоопторун ала алышты. Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында дагы эмгектенгендер берилген жоопторду тереңиреек түшүнүү үчүн кеңири талкуулашып, көп суроолорун узатышты.