Жарыяланган 4.10.2023

Соцфонддун октябрь айына белгиленген пенсия тууралуу окуулары башталды

Соцфонддун октябрь айына белгиленген пенсия тууралуу окуулары башталды

Т. Садыков атындагы КР көркөм сүрөт академиясына караштуу Көркөм сүрөт колледжинде, КР ӨКМ алдындагы Гидрометеорологиялык кызматтын аппарат кызматкерлерине, Бишкек шаардык Медициналык колледждин студенттерине жана мугалимдерине, Жоопкерчилиги чектелген “Мегапарус” коомунда жана “Кока-Кола” жабык акционердик коомунда бир катар окуулар өтүлдү. Окуулардын учурунда берилген суроо-жоопторго токтоло кетсек.

 

- Эгерде бир нече ай пенсиялар берилбей калса каякка кайрылабыз?

- Кандайдыр бир себептер менен пенсияны төлөө токтотулган болсо, себебин аныктоо үчүн жашаган жериңиздеги Социалдык фонддун райондук башкармалыктарына кайрылуу керек.

 

-  Пенсияга кандай учурда чыкпай калат?

- Пенсияга чыгуу укугу, камсыздандырылган жаран камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүп жүрсө, ал стаж болуп эсептелинет, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөй жүргөн жарандарга пенсия укугу берилбейт.

 

- Ипотеканын бардык түрүнө 2% пенсиянын бөлүгү берилеби?

- Ооба, ипотекалык келишим коммерциялык банктар, же болбосо МИК аркылуу алынган ипотеканын бардык түрүнө уруксат берилет, бекитилген шарты боюнча сиздин жеке эсебиңизде 50 000 сомдон ашык акча каражатыңыз болуусу зарыл.

 

- Жеке ишкерлер үчүн төлөмдөрдүн тарифтери кандай?

- Жеке ишкерлерге тариф чендери ар түрдүү, ал иштеген тармагына ылайык Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү айырмаланат.