Жарыяланган 4.10.2023

Свердлов районунун жашоочуларына пенсия тууралуу окуу өткөрүлдү

Свердлов районунун жашоочуларына пенсия тууралуу окуу өткөрүлдү

КР Социалдык фондунун алдындагы “Окуу борбору” мекемесинин адистери Бишкек шаарындагы №67 мектептин жыйындар залында Свердлов районунун жашоочуларына пенсиялык сабаттуулук боюнча маалыматтык - түшүндүрүү максатындагы окуу лекциясын өткөрүштү. Окууда пенсиянын көбөйүшү, ага байланыштуу эл арасындагы айрым түшүнбөгөн суроолорго так жооптор берилип, жалпы пенсиялык система жөнүндө кеңири маалыматтар берилип суроо-жооптор менен коштолду.

Аталган окууга Бишкек шаарынын Свердлов районунун акими, Бишкек шаарынын мериясынын муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү, КР Социалдык фондунун Свердлов райондук башкармалыгынын башчысы жана райондун жашоочулары катышышты.

- Суроо: Жеке ишкерлер үчүн төлөмдөрдүн тарифтери кандай?

- Жооп: Жеке ишкерлерге тариф чендери ар түрдүү, ал иштеген тармагына ылайык Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү айырмаланат.

- Суроо: Стажы жок адамдар кандай болуп пенсияга чыгышат?

-  Жооп: Такыр стажы жок, эч жерде иштебеген жарандар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан социалдык жөлөкпул ала алышат.

- Суроо: 1996-жылга чейинки стажы пенсияга чыкканда эсептелинбей калса, бул учурда эмне кылыш керек?

- Жооп: 1996-жылы Жеке эсепке алуу системасы кирген, ошондуктан камсыздандыруу бөлүктөрү 1996-жылга чейин жана 1996-жылдан кийин деп эки бөлүктөн турат. 1996-жылга чейинки эмгек стажы эсептелинбей калса, камсыздандырылган жаран Социалдык фондко кайрылуусу абзел, бирок Мамлекеттик архив кызматы тарабынан керектүү маалыматтар чыкпай калса, ал жарандын макулдугу менен пенсияны эсептөө үчүн иш жүзүндөгү орточо айлык акынын эсебинен алса болот.