Жарыяланган 3.10.2023

Мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдар үчүн тренинг өттү

Мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдар үчүн тренинг өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңештин демилгеси боюнча, Азия Өнүктүрүү Банкынын техникалык жардамы менен 2023- жылдын 28-29- сентябрында мамлекеттик органдардын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлери үчүн "Мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна Мониторинг жүргүзүү жана баалоо" тренинги өткөрүлдү.

Тренингдин максаты коррупцияга каршы стратегиялардын жана иш-аракеттер пландарынын натыйжалуулугун мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгуу ыкмаларын калыптандыруу жана ыкмалар менен тааныштыруу болду.

Тренерлер катары эл аралык эксперт Светлана Винборн (АКШ) жана улуттук консультант - Борбордук Азиядагы коррупция жана арам акчаны адалдоо маселелерин изилдөө институтунун директору Эркайым Мамбеталиева болушту.

Тренингдин программасына коррупцияга каршы улуттук саясаттардын жана стратегиялардын түзүмдөрү жана мамилелери, коррупцияны өлчөө, коррупциялык тобокелдиктерди баалоо, коррупцияга каршы пландардын аткарылышына мониторинг жана баалоо уюштуруу жана башка маселелер кирди. Ар бир тема боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү.

Тренингдин катышуучуларына сертификаттар берилди.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Ф. Ибраимова белгилегендей: “Мен бул кызматта иштегениме 2 жыл болду, бирок бул мен үчүн атайын ыйгарым укуктуу кызматкерлер үчүн уюштурулган биринчи тренинг. Тренинг абдан пайдалуу жана практикалык болду, эми мен ар кандай кызыкдар тараптар менен КР Социалдык фондунун коррупцияга каршы пландары боюнча канал-коммуникацияны кандай жол менен курууну так билем”.