Жарыяланган 2.10.2023

Пенсиялык сабаттуулук боюнча семинарлар: каржылык ишенимге кадам

Пенсиялык сабаттуулук боюнча семинарлар: каржылык ишенимге кадам

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борборунун кызматкерлери 2023-жылга карата планга ылайык, ар кандай уюмдарда пенсиялык сабаттуулук боюнча лекцияларды активдүү өткөрүүдө.

Көптөгөн жумушчу топтор алардын пайдалуулугун баса белгилешет. Кээ бир уюмдар биздин лекторлорду өздөрү чакырышат. Бул биздин ишибиздин эң сонун натыйжасы.

Жакында КР Экономика жана коммерция министрлигинде, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталында жана «Акнет» ЖЧКсында лекцияларды өткөрдүк.

Лекциялардын жүрүшүндө социалдык колдоо жана пенсиялар боюнча маанилүү маселелер талкууланды. Социалдык фондго милдеттүү төлөмдөрдү унутпаңыз - алар мыйзамда каралган. Келечекте пенсиялык топтоо маанилүү ролду ойнойт.

Камсыздандыруу төгүмдөрүңүз менен “Тундук” порталындагы жеке кабинетиңиз же Соцфонддун райондук башкармалыктары аркылуу кабардар болуп туруңуз.

Финансылык бакубаттуулукту сактаңыз!