Жарыяланган 25.09.2023

Социалдык фонд Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өткөрдү

 Социалдык фонд Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өткөрдү

2023-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Кыргыз тили – кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы» аттуу тегерек стол өткөрүлүп анда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары  Улан Жума уулунун  куттуктоо сөзү менен ачылды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» КР конституциялык мыйзамы тууралуу жалпы түшүндүрмө  берип слайд-презентация көрсөтүлдү. 

Жыйынтыгында Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен тыгыз кызматташтыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматташтыкты бекемдегени үчүн” медалы менен сыйланды.

«Кыргыз тили – кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы» көркөм окуу сынагынын жеңүүчүлөрү жарыяланды.

  1. «Активдүү катышкан башкармалык» номинациясы боюнча:

1-орун: Сүлүктү шаардык башкармалыгы 10000 сом өлчөмүндө акчалай каражат жана К. Юдахиндин Кыргызча-Орусча, Орусча-Кыргызча сөздүгү, диплом;

2-орун: Нарын райондук башкармалыгы 7000 сом акчалай каражат жана К. Юдахиндин Кыргызча-Орусча сөздүгү, диплом;

3-орун: Панфилов райондук башкармалыгы 5000 сом өлчөмүндө акчалай каражат жана К. Юдахиндин Кыргызча-Орусча сөздүгү, диплом.

  1. «Өзгөчө ролик» номинациясы боюнча:

1-орун: Ала-Бука райондук башкармалыгы 7000 сом өлчөмүндө акчалай каражат жана диплом;

2-орун: Жайыл райондук башкармалыгы 5000 сом өлчөмүндө акчалай каражат жана диплом;

3-орун: Тоң райондук башкармалыгы 3000 сом өлчөмүндө акчалай каражат жана диплом.

  1. «Көркөм окуунун чебери» номинациясы боюнча:

1-орун: Аксы райондук башкармалыгынын жеке эсепке алуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алуу бөлүмүнүн башкы адиси Жолдошбаева Тынчтыкгул Осконовна 7000 сом өлчөмүндө акчалай каражат жана диплом;

2-орун: Адам ресурстары менен иш алып баруу бөлүмүнүн оператор-иш кагаздарын жүргүзүүчү Асыкбек кызы Надира 5000 сом өлчөмүндө акчалай каражат жана диплом;

3-орун: Алай райондук башкармалыгынын бухалтердик эсеп боюнча жетектөөчү адиси Апишов Жолболду Токтосунович 3000 сом өлчөмүндө акчалай каражат жана диплом менен сыйланышты.