Жарыяланган 22.09.2023

Социалдык фонддун кызматкерлери Кыргызтестке даярдык көрүү» курсунан өтүштү

Социалдык фонддун кызматкерлери Кыргызтестке даярдык көрүү» курсунан  өтүштү

«Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын» ишке ашыруунун алкагында Социалдык фонддун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Иштиктүү кыргыз тили. Кыргызтестке даярдык көрүү» курсунан  өтүштү.

Курстун жыйынтыгы менен ийгиликтүү аяктаган 18 кызматкерге сертификаттар тапшырылды, ал эми Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти Урусова Гүлайым Бейшеновнага  «Иштиктүү кыргыз тили. Кыргызтестке даярдык көрүү»  курсун жогорку деңгээлде өткөргөндүгү үчүн Социалдык фонддун ыраазычылык каты ыйгарылды.