Жарыяланган 20.09.2023

Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө кеңири лекция окулду

Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө кеңири лекция окулду

Кезектеги окуу Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын кеңсесинде уюштурулду.  Башка мекеме - ишканалардай эле профсоюз уюмунун эмгек жамаатынын биздин окууларга болгон кызыгуулары артып, активдүү катышышты. Уюмдун кызматкерли тарабынан берилген суроолор дагы маанилүү болду. Юридикалык физикалык жактарга каралаган ченемдер - тарифтер тууралуу кенен суроолорун берилди.

Мындан сырткары октябрь айындагы кайра эсептөө кандай жолдор менен жүрүзүлөт, чектөө барбы? Ал эми иштеп жаткан пенсионерлердин пенсиясы кандай эсептелинет? Патенттин эсебинен стажы эсептелинеби? Бул суроолорго Окуу борбордун адиси Атыр Чынтемирова кенен жооп берди.