Жарыяланган 8.09.2023

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер

Социалдык фонд 2023-жылдын январь-август айларында МТПФнын каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 16,0-16,55% жылдык кирешелүүлүгү менен 5 229 865,6 миң сом инвестициялаган.

МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 5 285 591,8 миң сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-15,0% болгон.

2023-жылдын январь-август айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 2 298 280,4 миң сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 390 573,8 миң сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 21 071,2 миң сом.

Бардыгы болуп 2023-жылдын январь-август айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 2 709 964,2 миң сом киреше алынган.