Жарыяланган 16.08.2023

Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия чектөө үчүн зарыл документтердин тизмеси

Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия чектөө үчүн зарыл документтердин тизмеси

Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алуу үчүн Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө төмөнкү документтер берилиши керек:

1) алуучунун паспорту;

- качкындын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн - качкындын күбөлүгү;

- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашоо укугуна берилген уруксат.

Баккан адамынын документтери:

2) Эмгек китепчеси;

3) Орто окуу жайын же жогорку окуу жайын (ЖОЖ) аяктагандыгы тууралуу диплом (19.02.1999-жылга чейинки күндүзгү окуу бөлүм кабыл алынат);

4) аскердик билет;

5) аялдар үчүн – балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

6) 1996-жылдын 1-январына чейин каалаган 60 айдагы үзгүлтүксүз иш үчүн эмгек акы жөнүндө маалымкаттар;

7) никени каттоо же ажырашуу жөнүндө күбөлүк, ал башка фамилияга берилген документтер болгон учурда берилет;

8) баккан адамынын өлгөндүгү жөнүндө  күбөлүктүн нотариатта күбөлөндүргөн көчүрмөсү;

Багууда болгондордун документтери:

9) эмгекке жараксыз багууда болгондордун туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;

10) эгерде багууда болгон бала чагынан майып болгон учурда -   майыптыгынын тобун белгилөө жөнүндө МСЭКтин маалымкаты;

11) үй-бүлөнүн эмгекке жараксыз мүчөсүнүн каза болгон баккан адамдын багуусунда болгондугун ырастаган документтер;

12) камкорчунун арызына аны камкорчу кылып дайындоо жөнүндө камкорчулук органынын чечиминин көчүрмөсү тиркелет;

13) өгөй баланын өлгөн адамдын тарбиясында жана багуусунда болгондугунун фактысын ырастаган документтер;

14) багууда болгон балдар орто окуу жайларынын окуучулары же жогорку окуу жайларынын студенттери экендигин ырастаган документтер берилет.