Жарыяланган 15.08.2023

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер

Каражаттарды инвестициялоо боюнча иштер

Социалдык фонд 2023-жылдын январь-июль айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 16,0-16,55% жылдык кирешелүүлүгү менен 4 712 974,9 миң сом инвестициялаган.

МТПФ каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 4 285 591,8 миң сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-15,0% болгон.

2023-жылдын январь-июль айларында МТПФ мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 2 017 108,1 миң сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 324 489,8 миң сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 20 204,2 миң сом.

Бардыгы болуп 2023-жылдын январь-июль айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 2 361 802,1 миң сом киреше алынган.