Жарыяланган 11.08.2023

Пенсия тууралуу окуулар улантылууда

Пенсия тууралуу окуулар улантылууда

Кыргыз Республикасынын суу ресурстары жана Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинде эмгектенген кызматкерлерге карата пенсия тууралуу кезектеги окуулар уюштурулду.

Соцфонддун “Окуу борбору” мекемесинин иш планына ылайык окуулар тынымсыз уланууда. Институтта пенсия курагындагылар менен көптөгөн жаш адистер эмгектенишет. Акыл эмгегин талап кылган институттун кызматкерлери үчүн берилген маалыматтар кызыктуу жана пайдалуу болду. Окууга катышкандардын айрым суроолоруна токтолуп, кенен жооптор берилди.

-1992-жылдары көп архивдик маалыматтар жоголгон. Эмгек китепчеси бар, бирок айлыктар сакталган эмес, кандай эсептелинет?

- Мыйзам чегинде мындай учурларда орточо айлык акы минималдык айлык акыдан 1996-жылга чейинки стажыңызга жараша эсептелинет. Эгерде, 1996-жылга чейин 15 жылдык стажыңыз болсо, минималдык айлык 200 пайызга, 20 жылга чейин болсо 250 пайызга, 20 жылдан жогору болсо 300 пайызга которулуп, орточо айлык деп эсепке алынат. Быйылкы жылга минималдык айлык 2337 сом деп белгиленген.

- Эгерде 5 айлык эмгек стаж жетпей жатса толуктасам болобу?

- 1996-жылдан кийин иштебей калган жылдар болсо, ыктыярдуу камсыздандыруу төлөмү аркылуу толуктап алсаңыз болот.

- Мен быйыл 60 жашка чыгам, 40 жыл стаж деле бар. Азыр пенсияга чыкпай, 63 жашта кайрылсам болобу? Кайсынысы мага пайдалуу?

- Качан чыгам десеңиз дагы ал өз каалооңуз. Албетте 60 жаштан чыкканыңыз сизге пайдалуу болот.