Жарыяланган 10.08.2023

Соцфонддун сатып алуучу уюмдар үчүн окутуу болуп өттү

Соцфонддун сатып алуучу уюмдар үчүн окутуу болуп өттү
"Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги сатып алуучу уюмдар үчүн окутууларды өткөрүүдө.

Соцфонддун жыйындар залында КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин өкүлдөрүнүн, Соцфонддун  материалдык-техникалык жабдуу белумунун жана административдик чыгымдарды пландаштыруу жана эсепке алуу белумунун кызматкерлеринин катышуусу менен
окуу болуп өттү.

Мыйзам-татаал тендердик жол-жоболорду жоюу жана мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнү жөнөкөйлөштүрүү жана ыкмаларды колдонуу шарттарын оптималдаштырууга багытталган.