Жарыяланган 7.08.2023

Пенсияга байланыштуу керектүү маалыматтарды алдык, окууңар пайдалуу болду

Пенсияга байланыштуу керектүү маалыматтарды алдык, окууңар пайдалуу болду

Бүгүн “Элит Хаус”, “КЖ Групп” курулуш компаниясында жана “Айыл банк” калкты тейлөө тармагында иштеген кызматкерлер үчүн маалыматтык жактан түшүндүрүү - окутуу иш чаралары болуп өттү.

Адаттагыдай окуулар пайдалуу жана таасирдүү болду.  Алдыңкы компаниялардын бири катары эки курулуш компаниясында  миңдеген кызматкер  жаштар, курулушчулар  эмгектенип, социалдык төлөмдөрдү төгүп, мамлекетке чоң салымын кошуп келишет.

Аларга пенсия тууралуу маалыматтар  өзгөчө жакты, көптөгөн түшүнбөгөн суроолорун беришип, жоопторго ынанышып,  кызыктуу талкуулашты.

Компаниянын кызматкери:

- Мен отуз жыл эмгек стажы менен мөөнөтүнөн мурда 58 жашта эмес, 55 жашта пенсияга чыгууга укугум барбы?

-Ооба, мыйзам чегинде аял кишилер 30 жыл менен 55 жашта пенсияга чыга аласыз, 55 жашта чыгыш үчүн сиздин эмгек стаж 30 жыл болуп калса, жетпеген стаждын ар бир айы үчүн 1,5 пайызга азайтылып чектелет..